Япониянын КРдагы элчилиги Баткен облусуна 224 миң долларлык жардам берди
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Баткен жана Кадамжай районундагы мектептерге, медицина мекемелерине жардам бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. 26-апрелде "Баткен-2013" форуму учурунда 224 миң долларлык сертификат жергиликтүү бийлик жетекчилигине тапшырылды. Япония 122 миң долларлык заманбап медициналык жабдуулар, мектеп эмеректери боюнча да жардам көрсөттү. Бул жардам "Чөптүн жана адамзаттын тамыры" программасынын алкагында уюштурулду.