Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
27-апрель күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн
районунун Лебединовка айылындагы Кырман жаңы конушунда, Чүй районундагы Чүй
айылында электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы
билдиргендей, жарыктын чектелиши “ДСК” жана “Токмок” көмөк чордондорун оңдоо
иштерине байланыштуу болот. Ошондой эле 29-апрелде ушул эле убакытта
Кара-Балта шаарынын айрым аймактарына, саат 8:00дөн 17:00гө чейин Сокулук
районунун айылдарына электр кубаттуулугун берүү чектелет. Дүйшөмбү күнкү
жарыктын өчүрүлүшү Жайыл жана Сокулук райондорундагы көмөк чордондорун оңдоо
иштерине байланыштуу.