Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, чырдын келип чыгышына аталган Тажикстанга караштуу Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай - Тамдык айланып өтмө жолунун курулушу себеп болгон. Айтылгандай, буга чейин тажик тарап аталган унаа жолу макулдашылбаган аймакка курулуп жатканын билдирген.
"Эртең менен аталган жол курулуп жаткан жерге анклавдын 30дай жараны чогулуп, иштин уланышына каршы болушкан. Андан соң кыргыздар келип, ортодо жаңжал чыккан, бирок мушташ болгон эмес. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийликтин жетекчилери, кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн чек арачылары келишип, чыр-чатакты токтотууга аракет кылышкан. Алар эки тарапты таркап кетүүгө үндөшкөн",- деп билдирди КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов.
Учурда жаңжал толук чечилбеген калыбында. Тажик тарап анклав аркылуу өткөн жолду жаап салса, кыргыздар Ак-Сай айылы тараптан Варух анклавына кирген жолду бууду. Токон Мамытов билдиргендей, учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери көрүлүп жатат.
Окуя бүгүн, 27-апрелде болду.