Транспорт жана жолдор министрлиги Боинг 747 учагынын Кыргыз өлкөсүнө жүк таштоого укугу болбогонун билдирди

"Манас" аэропортунун жанына кулаган Боинг 747-400 учагы Кыргыз жергесине бул жолку каттамында жүк таштоого укугу болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, "Түркиялык авиакаттамдар" компаниясынын жүк каттамдары эки өлкөнүн ортосундагы меморандумдун негизинде аткарылат. Меморандумга ылайык, тараптар 5-деңгээлдеги аба эркиндигинде жүк ташууга же техникалык себептерден улам конууга укуктуу.

"2016-2017-жылдардагы күз-кыш мөөнөтүндө "Түркиялык авиакаттамдар" компаниясы Стамбул-Бишкек-Шанхай багыты боюнча коммерциялык укугу (жүк түшүрүү, жүк жүктөө) менен жумасына 5 жолу каттоого, ошондой эле Стамбул-Бишкек-Гуанжоу каттамы боюнча 3, Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча 2 жолу коммерциялык эмес укукта конуу мүмкүндүгүнө ээ болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 16-январдагы Гонконг-Бишкек-Стамбул жүк ташуучу каттамы коммерциялык эмес укукта, башкача айтканда, анын "Манас" аэропортуна жүк таштоого укугу жок болгону маалым болду.

"Бул каттамдын аткарылышы 2016-жылы 18-сентябрда бекитилген жана үстүбүздөгү жылдын 20-мартына чейин өзгөртүлбөйт болчу. Учак "Манас" аэропортуна күйүүчү май куюу жана учкучтар алмашышы үчүн конмок", - деп кошумчалашкан министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
A3A
2017-01-19 20:44:24
Баш айланып деле калды
-1
dina-85
2017-01-20 01:39:22
A3A,силерге кошулам,баш айланып деле калды
-1
A3A
2017-01-20 08:41:55
Кыныр иш кырк жылда билинет дейт ачык эле айткыла бирин бээ деп бирин тоo дебей
+1
Boldukan86
2017-01-20 01:06:37
дагы деле баягы карапайым эл. оздорун оздоруго бактырып отурасынар. жардам сурап. кимдин жугу кимдин самолету толосун бут жакты которсун. уйсуздорго уй берсин жакындары ажырагандарга компенсация толосун. эмне эле эчким бир чечимге келбейт эмне эле эле карапайым калкты алдайсынар айланайындар. Кыйналып кеттикго.
+2
Kroxa
2017-01-20 09:21:29
Авиа компания уй салып берсин уйсуз калышты уйлору барлар деле кантип ошол айылда жашашат коркуп уркуп,,копкабаттуу уйлорду туркя бизге салып сатып атат го ошол уйлордон берсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан