Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалында эки тараптан тең жаракат алгандар бар экендиги айтылууда
Баткендин Ак-Сай айылындагы кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы жаңжал басыла элек. Учурда тажиктердин Көк-Таш, Мачаи аттуу айылдарынан чогулган эл таркады. Бирок Варух анклавындагы тажиктер менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары тарабай жатышат. Эки тарап уруша турган абалда. Аймактык кабарчыбыздын айтымында, эки тараптан тең жаракат алган адамдар бар.