Ош шаарындагы мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринен жана калаанын калкынан авиакырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде чогулган жылуу кийим, азык-түлүктөр тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.
"Авиакырсыктан жабыркагандарга Ош шаардык мэриясы жардам чогултуу максатында атайын эсеп ачкан. Ал жакка мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маяналарын которуп, 3 миллион сом каражат топтолду. Ошондой эле 1,5 тонна азык-түлүк чогултулган", - деди Аманова.
Мындан сырткары Ош шаарынын тургундарынан 101 миң сом акчалай жардам чогулган. Салтанат Аманованын айтымында, жалпысынан 3 миллион 101 миң сом өкмөттүн атайын эсебине бүгүн которулат.