Баткендеги кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалына себепчи болгон Ворух аймагы тууралуу маалымат. Аталган анклав Тажикстанга караштуу, Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Административдик жактан Тажикстандын Согдий облусундагы Исфара районуна карайт. Калкынын саны 31 миң адам, алардын 99,99 пайызын тажик улутундагылар, 0,01 пайызын кыргыз жарандары түзөт.
Айта кетсек, 27-апрелде аталган анклавдын 30дай жараны кыргыздардын Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушуна каршылык көрсөтүшүп жаңжал чыгарды. Анткени аталган жол Ворух анклавынын жанынан өтөт. Учурда жаңжалдын басаңдай электиги кабарланууда. Жаракат алгандар да бар.