Депутат кесиптештерине Лениндин сөзүн эскертти

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 20-январдагы отурумунда Агрардык университеттин гидромелиорация факультетине тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөө боюнча босоголук чекти төмөндөтүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Азамат Арапбаевдин айтымында, аталган факультетте студенттер жетишсиз болууда. "Өлкө бул кесип боюнча адистерге муктаж. Абитуриенттерге бул факультетке тапшырууга жеңилдик түзүп беришибиз керек", - деди Арапбаев.

Депутат Евгения Строкова босоголук чекти төмөндөтүүнүн ордуна билим берүү деңгээлин жогорулатыш керектигин айтты. "Владимир Ленин айткан: "Искусствону адамдардын деңгээлине түшүрбөш керек, адамдарды искусствонун деңгээлине көтөрүш керек". Мектептердин салынышы - бул жөн эле инфраструктура. Билимдин сапатын көтөрүү зарыл", - деди Строкова.

Депутат Дастан Бекешев эгер Билим берүү министрлиги бир факультет үчүн босоголук чекти төмөндөтсө, анда башка факультеттер да суранып баштай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Keremet008
2017-01-20 11:11:05
Биринен отуп бири кыйын... Азамат деле суйлойт эле экен го,эч угалек болчумун...
0
Nur1k
2017-01-20 11:40:07
Азамат деген депутат барбы бизде? Озу 120 депутат барбы ак уйдо? Мен ашып барса 10ун тааныйм калгандарын кечирип койго
+5
safia16
2017-01-20 11:56:17
Азамат деген бар,эн жакшы депутат.Башкаларга окшош алдым жуттумдардан эмес,элге кызмат кылган адам.
+1
Keremet008
2017-01-20 18:25:54
safia16,ооба жакшы элге кызмат кылат бирок трибунага чыгып суйлогонун такыр коро элекмин эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан