16-январдагы авиакырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде ачылган бирдиктүү эсепке 12 миллион 423 406 сом 85 тыйын келип түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бул сумма бүгүн саат 10:00гө карата көрсөткүч экенин белгилей кетүүгө болот. Кечээ саат 14:00гө карата бул сумма 8 миллион 769 968 сом 35 тыйынды түзгөн.
Атайын ачылган бирдиктүү эсепке бардык физикалык жана юридикалык тараптар мүмкүнчүлүгүнө жараша дүйнөнүн бардык бурчунан, бардык ыңгайлуу валютада каражат которо алышат.
Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында ачылган эсеп:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150