Бүгүн Баткен облусунда кыргыз-тажик жарандары ортосунда жаңжал чыгып, абал эми гана турукташууда. Чырлуу окуя учурунда ур-токмоктун айынан жаракат алгандар да болду. Баткен РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери билдиргендей, окуя учурунда кыргыз тараптан 8 адам жабыркады:
Алар: Мунарбек Атаханов, Касымалы Асылов, Эсен Кыргызбаев жана башкалар. Ошондой эле милиция кызматкери Абдисалам Саттаровдун башы жарылганы белгилүү болду. Тажиктер тараптан да 5-6 адам жабыркагандыгы тууралуу маалымат айтылып жатканын аймактык кабарчыбыз маалымдады.