Орусияда эмгектенген кыргыздардын медициналык камсыздандыруусу боюнча сүйлөшүүлөр болду

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 19-январда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы менен жолугушту. Бул тууралуу Миграция кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда кабарлады.

Жолугушуунун алкагында тараптар Орусия Федерациясында эмгектенген кыргыздардын ыктыярдуу медициналык камсыздандыруусу жана башка маселелер боюнча пикир алышып, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Тараптар медициналык камсыздандыруу Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттарга керектигин белгилешип, мамлекеттик органдар тыгыз кызматташып, эмгекчилердин көйгөйлөрүн биргеликте чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдөн келген мигранттар милдеттүү медициналык камсыздоого ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gul.1995
2017-01-20 15:14:27
Кантип ээ болдук, кайсыл жактан алабыз?
0
Luna15
2017-01-20 15:37:05
ошол кайсы шаарда жашасаныз ошол жердин полис мед страховка деп коет берчу жердин адресин билип алып жумушунуздан договорунузду болгон документинизди алып барсаныз берип жатат биз жакындале келиниме откоруп келдик бизге временный берди
0
Aiko_92_29_08
2017-01-20 16:27:29
Luna15,полис алса болот экенби э?
-1
Sezim.A
2017-01-20 16:30:50
Luna15,мен трудовой договорумду которуп канча жерге бардым боюмда барда учетко туруш керек болуп бизге берилбейт
0
Keremet008
2017-01-20 18:23:13
Кыргыздардын поликлиникасын ким козомолдойт бири бирине жардам бериштин оордуна кайра аябай акча алат. Обменный картаны 17 ге суйлоштум эми эсен аман тороп алсам экен. Тороп кайра баламы 2 айында прививкага каерге апарам билбейм
+1
peri0308
2017-01-21 18:41:42
Keremet008,обменный карта жок эле кабыл алат роддомдо. Проспект мира менен семеновскийде алдап керек деп сатышат экен. Койгон диагноздору да туура эмес
+1
Luna15
2017-01-20 19:15:27
эмнеге ал закон 2017эле чыкты эми барсаныз кадимкидейле полис берип атат
0
Luna15
2017-01-20 19:16:17
биз Якутск шаарынан алдык 3 4эле кун болду
0
Sema87
2017-01-21 00:19:28
эгерде официальный иштесенер оной эле аласынар страховой полис дмс пенсионный карточка трудовой договор болсо любой государственной больницалар карайт
0
Almaz75
2017-01-21 02:08:55
Москвадан кимдер алды,кайсы страховой компания,билгендер болсо жазып койгулачы.
+1
azia9393
2017-01-22 23:26:48
Офицально иштебегендерге берилет бекен билгендер жазып койгулачы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан