Жогорку Кеңеш Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун абалына көңүл бурду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда журналисттерге депутат Альфия Самигуллина (КСДП) билдирди.
Анын айтымында, аталган борбор 1987-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. "Убагында айрым тейлөөлөр акчага жасалчу. 2016-жылы өкмөт акы төлөнчү кызматтарга тыюу салган. Борбордо жабдуулардын эскилиги жетти. Эгер өлүк сактоочу жай 15 өлүккө ылайыкталса, ал жерде бүгүнкү күндө 35-40 өлүк бар. Борбордо иштеген кызматкерлердин эмгек акысы төмөн, жумушунун зыяндуулугу үчүн сүт берилет, акча төлөнбөйт", - деди Самигуллина.