Депутат Альфия Самигуллина (КСДП) саламаттык сактоо системиндеги коррупцияны жоюу жолун сунуштады. Бул сунушун ал бүгүн, 20-январда журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.
"Медициналык кызматкерлердин айлыктарын көтөрүш керек. Аз дегенде 2 эсе жогорулатуу зарыл. Дарыгерлер суткасына 24 саат иштешет, телефондоруна дайым чалуулар келип турат. Учурда алардын орточо айлыгы 8-9 миң сом. Медициналык кызматкерлердин айлыктарын көтөрмөйүнчө, саламаттык сактоо системиндеги коррупцияны түп-тамыры менен жоё албайбыз", - деди депутат.