Базар-Коргон районундагы Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев билдирди.
"Кырсык болгондон кийин райондук милиция бөлүмүнүн жетекчилиги, прокуратура, билим берүү бөлүмү менен биргеликте чукул жыйын өткөрдүм. Бул иш боюнча учурда кылмыш иши козголду. Мектептин директору окуучуга тууну алып түш деп буйрук берген эмес. Ал кароолчунун аркасынан кызыгып чыккан. Ошентсе да мектеп директору, кароолчусу жана чарба иштери боюнча кызматкери жоопкерчиликтүү мамиле кылбагандыктан жумуштан бошотулду. Ким күнөөлүү экендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Ага тиешелүү кызматтар баа беришет", - деди Т.Долдоев.
Эске салсак, 17-январда 10-класстын окуучусу мектептин чатырына илинген тууну алып түшүүгө чыгып, тайгаланып кулап кеткен.
Белгилүү болгондой, буга чейин мектептин чатырынан кулаган окуучунун апасы баласынын баш мээси чайкалганын белгилеп, мектеп директорунун кызматтан кетишин талап кыларын айткан.