Кочкордо окуучунун өмүрүн алган мушташтан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Кочкордо окуучунун өмүрүн алган мушташтан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Анын алкагында мушташ болгон мектепке да барып, район акими менен биргеликте кеңешме жыйын курган. Анын жыйынтыгында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кеткен. Андан сырткары мектеп директорун кызматтан алуу боюнча да тапшырма берилген.

Айта кетсек, окуя 19-январь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучуларынын арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 2000-жылы туулган З. уулу Ж. каза болуп, 2000-жылы туулган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Totyua.71.
2017-01-20 16:12:50
тунку окуяга да мугалимдер кунооолубу?Тан калычтуу?Мугалимдер тилдесе баланы тарбиялап, ата эне арызданат ,мугалимдер бечара эле болуп калышты..
+11
mega777
2017-01-20 16:32:14
Мугалимдер балдардын үйүнө чейин барып кошо жатып келиш керекпи.Бөрк ал десе баш алган кандай эмесиңер.Бул окуя мектептен сырт болуп атпайбы.Ата-энелер жооп бериш керек.Ансыз деле жетээр жетпес маянасы менен иштеп аткан мугалимдерден күчүңөрдү чыгарып,жогору жакка аябай иштеп атыптыр деген упай топтобой эле койсоңор болмок.
Тем более билим берүү башчысы эмнеге алынды жумуштан.
+9
erlist
2017-01-20 16:34:08
Жумуштан алганы тура эмес министр мн соттошуш керек директор рай ООнун куносу жок
+9
dindilin
2017-01-20 16:35:10
кызык кечки 9да болгон окуяга мугалим жетекчилердин эмне тиешеси бар. же билим беруу балдар учун куну туну жооп берип Калганбы. туздон туз ата эне куноолу.
+8
abusait
2017-01-20 16:35:45
Райондук билим башчы менен мугалимдердин эч кандай куносу жок! Обу жоктонуп оюна келген ишти кыла береби бул министр ? Сот чечим чыгарып куноолуунун жазасын бериш керек .
+4
Parish
2017-01-20 16:42:03
Тушунбодум,сыртта башка жерлерде мушташкан болсо
дагы мугалимдер куноолуу
болуп калабы? Бул кандай
чара.
+11
ademi_adil
2017-01-20 16:48:11
Директор барып мушташтыргансып,райондук билим башчыда эмне куноо?
+7
Mirlan5
2017-01-20 16:48:29
Туура кылат иштен алып. Кечинде согушту дейсиңер кечке чейин мектепте кырылышканда ага жол бербей түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек эледа. Ата-Энелердинда күнөөсү көп ар бир баскан изине,ишине көз салыш керек. Эми индейецтердин убагынан өттүкго...
-11
nura.177
2017-01-20 17:21:39
Mirlan5,кайдагыны айтпагылачы, кандайча мугалим куноолуу. Ата эне жооп берет эми туура иликтеп жазасын алыш керек куноолуулор
+1
vestel
2017-01-20 18:27:17
Мугалимдерде куноо жок
+1
tynara81
2017-01-20 19:18:58
Рай.билим берүү башчысын неге жумуштан алат. Ал ар бир окуучуну күзөтүп жүрүш керекпи... Кандай негиз менен иштен алган болсо, өзү да кетсин ошол негиз менен, татыктуу эмес экенбиз деп.
+1
zhykyo
2017-01-20 20:22:26
Бул мушташ ошо куну эле келип чыкан жок болуш керек чогулуп чогулуп отуруп ушуга жеткен. Ошону мектеп мугалимдери алдын алган эмес ошон учун куноолуу ошого жеткирбеш керек болчу
+1
amore92
2017-01-20 21:15:51
админ эмне себептен жумуштан алганын толугураак билип жазышынызды суранам.
+1
u.n.m
2017-01-20 21:36:34
Айылдык ички иштер кызматкери жонундо кеп болгон эмес го? Негизи айылдвгы тартипти ошол киши караш керекпи мугалим, директор, райондук билим беруу болумунун башчысына чейин
0
kemel81
2017-01-21 00:16:37
Бул деген шылтоо. Бошогон орунду сатышат же озунун таанышын отургузат. Ошол акимдин озун иштен алыш керек министрин баш кылып.
+2
Kroxa
2017-01-22 04:12:18
Кызматтан алганы туура эмесиреек,,бирок эми тарбия,тартип жонундо кобуроок балдарга жеткизишсе керек деген ойлордо го,,,албетте ата-эне тункусун озулору козомолдошу керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан