Сууктан улам жабылган мектептердеги окуу 23-январда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Нарын облусундагы мектептерди кыдырып жүрөт.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз жергесинде абанын температурасы кескин түрдө төмөндөгөндүктөн, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда, Нарын шаарында, Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө жана Тогуз-Торо районундагы мектептерде окуу иштери токтотулган болчу.