Сатарали Камбаралиев Сузак райондук сотунун төрагалыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Сатарали Камбаралиев Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук сотунун төрагалыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу сунушун УКМК менен Башкы прокуратура КРнын Судьялар кеңешине жиберген. Жиберилген бардык материалдарды карап чыккан Судьялар кеңеши 2013-жылдын 11-апрелинде өтүнүчтү канааттандырды. Текшерүү учурунда Камбаралиевдин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жана соттолгондугу белгилүү болду, бирок муну судья болуп дайындалып жаткан 2010-жылы жашырып, айткан эмес. Анткени мыйзам боюнча, мурда соттолгон адам жергиликтүү соттун судьясы болуп шайлана албайт. Кошумчалай кетсек, аны кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 24-апрелде кол койду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан