Жарандык авиация агенттиги: "Боинг эмне себептен кулаганы аныктала элек"

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерге кулаган Боинг 747-400 учагынын "кара кутусунда" жазылган маалыматтар текшерилгенин, ага ылайык, учак учкучтардын күнөөсү менен кулаганы жарым-жартылай тастыкталганын айрым ММКлар жазышкан. Анда учкучтар тумандан улам конуучу тилкени көрбөстөн, учактын жабдууларына гана ишенип конууга аракет кылышканы айтылат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул маалыматты четке какты. Азырынча учактын эмне себептен кулаганы аныктала элек. "Кара кутулар" Москвага жиберилген, башка эч кандай маалымат жок. Кырсыктын себебин аныктоого бир топ убакыт кетет", - деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 38 адамдын өмүрүн алды. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tatynam_88
2017-01-20 18:07:23
Жамаааан биринин артын бири жааап башташты да.туура учкучтар куноолуу.учакты башка учак туртуп тушурбоду.аны неге жашырат.жуктун ээси ачыкка чыгып калбасын деп журоктору зырпылдап жатат ко.
+1
Sema87
2017-01-20 18:23:45
болду эми тынып кетишет курук шылтоо башталды уже
+1
Bubu88
2017-01-21 05:47:54
Эмне болгонун бир Кудай билет
+1
Kroxa
2017-01-22 03:57:08
Учкучтар куноолубу же самалеттун техникалык себептери болгондур,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан