Маргарет Тэтчерди акыркы сапарга узатууга Британия өкмөтү 5,6 миллион доллар бөлүп берген

8-апрелде 88 жаш курагында дүйнө салган Улуу Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Тэтчерди акыркы сапарга узатууга Британия өкмөтү 3,6 миллион фунт стерлинг же 5,6 миллион доллар бөлүп берген. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС Британия өкмөтүнө шилтеме берүү аркылуу жарыялады.  Аталган сумманын 765 миң доллары Тэтчер менен коштошуу зыйнатына чакыруу каттарын жасоого, иш-чара уюштурулуучу жайды даярдоого жана 2000 конокту расмий тосуп алууга сарпталган. Ошондой эле 1,6 миллион доллар иш-чара өткөн райондогу коомдук коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзүүгө, 3 миллион доллар акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн уюштуруу учурундагы укук коргоо органдарынын кызматына коротулган. Ал эми маркумдун жакындары гүл жана Тэтчерди акыркы жайга узатуу кызматын моюнга алган бюронун акысын төлөшкөн. Айта кетсек, Маргарет Тэтчер дүйнөгө "Темир айым" деген лакап ат менен да белгилүү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан