Кыргыз делегациясы Баткендеги жаңжал боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетишти

КРнын Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы менен Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков баштаган жергиликтүү бийликтин жетекчилери аталган облуста 27-апрелде болгон кыргыз-тажик жаңжалы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга кетишти. Аталган жетекчилер бүгүн, 28-апрелде окуя болгон Ак-Сай айылында болушуп, андан ары коңшу өлкөгө кетишкенин аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирди. Алар Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилиги менен сүйлөшмөкчү. Ал эми учурда окуя болгон жерде 200дөй тургун чогулуп турушат жана маселе оң тарабына чечилмейинче таркашпай тургандыктарын айтышууда. Ал эми жол тосуп турган Көк-Таш айылында 60-70тей адам турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан