Мындан 113 жыл мурун, 1904-жылы 22-январда советтик балдар жазуучусу Аркадий Гайдар Орусиянын Льгов шаарында төрөлгөн. 1925-жылы анын "Р.В.С." деп аталган алгачкы чыгармасы жарык көргөн. Жазуучу достук жана адилеттүүлүк темаларына кайрылып, балдарга арналган көптөгөн мыкты чыгармаларды жазган.
Анын белгилүү китептеринин катарына "Мектеп", "Тимур жана анын командасы", "Чук жана Гек", "Барабанчынын тагдыры" жана "Аскердик сыр" кирет. Бул чыгармалар башка тилдерге которулуп, экрандаштырылып, мектеп программасына киргизилген. А.Гайдар 1941-жылы 26-октябрда көз жумган.
22-январга карата жылнаама.