Мындан 28 жыл мурун, 1989-жылы 23-январда белгилүү испаниялык сүрөтчү, айкелчи жана режиссёр Сальвадор Дали көз жумган. Ал 1904-жылы 11-майда Испаниянын Фигерас шаарында жарык дүйнөгө келген. 6 жашында сүрөт тарта баштап, 14 жашында алгачкы көргөзмөсү өткөн. Сальвадор Дали сюрреализмдин эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал режиссёр катары "Андалузиялык ит" ("Андалузский пёс"), "Алтын доор" ("Золотой век") жана башка тасмаларды тарткан. "Сальвадор Далинин табышмактуу жашоосу", "Бир генийдин күндөлүгү" китептеринин автору.
Сүрөтчү каза болгондон кийин сөөгү өзүнүн суранычы боюнча Испаниядагы Фигерас шаарында жайгашкан театр-музейинин бөлмөлөрүнүн биринин полуна бекитилген.
23-январга карата жылнаама.