Дональд Трамптын жубайы алгачкы жолу социалдык тармакта биринчи айым катары билдирүү жазды

Меланья Трамп өзүнүн социалдык баракчасына Америка Кошмо Штаттарынын биринчи айымы катары алгачкы билдирүүсүн жазып, Дональд Трамптын ант берип жаткан кезинде ага Библияны кармап берип турган сүрөтүн илген.

"Кереметтүү өлкөнүн биринчи айымы болуу мен үчүн сыймык", - деген Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына. Бул билдирүүнү учурда 70 миңден ашуун колдонуучу жактырып, 16 миңден ашууну бөлүшкөн.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп АКШнын 45-президентинин милдетин 20-январда Вашингтондогу Капитолий имаратында алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан