Азамат Жусупов, жабырлануучу: "Баткен шаарынан келе жатсам, тажиктер унаамды талкалап салышты"

27-апрелде Баткендин Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик жаңжалында денесинен жаракат алгандардан башка материалдык чыгым тарткандар дагы болду. Аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдиргендей, окуяда жергиликтүү тургундардын ичинде унаасы, мал сарайы өрттөнгөндөр бар. Алардын бири, Актатыр айылынын тургуну Азамат Жусупов буларды айтат: 

 

"Ал күнү өзүмдүн унаам менен Баткен шаарынан үйгө келе жаткам. Жолдон эч себепсиз эле тажик жарандарынын таш бараңына кабылдым. Көп өтпөй кыргыздар да чогулушту, бирок унаам талкаланып калды. Талкаланган башка унааларга кошуп, тажик усталарга бердик. Алар акысын алып оңдотуп беришет".

 

Учурда Баткен районундагы айрым айылдарда топтолгон адамдар маселенин толук чечилишин талап кылып турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан