"Сосновка" постунда бардык унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу чектөө саат 07:00дө киргизилди.
Айта кетсек, бүгүн саат 05:28де Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында көлөмү 7200 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.