"Эл аралык эпозоотикалык бюронун башкы директорунун маалыматына ылайык, Шанхай, Пекин жана башка бир катар провинцияларда куш тумоосунун жаңы Н7N9 түрү катталды. Буга байланыштуу КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Кытайдан канаттуулардын этин алып кирүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды. Мунун максаты - аталган инфекциянын өлкөгө жайылып кетүү тобокелчилигинин алдын алуу болуп саналат",- дейт Жанузаков.
Белгилүү болгондой, Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 10 миң тоннадан ашык канаттуулардын эти алынып келинет.