Кочкор районунда Кара-Кужур суусу жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-январь күнү саат 18:30 чамасында Сары-Булак айылынын Орто-Бүлөтү тилкесинде узундугу 50 метр болгон көпүрөгө муз топтолуп, натыйжада суу көпүрөнү алып кеткен. Ал көпүрөдөн суунун аркы өйүзүндөгү чабандар өтүшчү. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт.
Буга чейин "Элдик кабарга" окурман кайрылып, Кара-Кужур суусу чоң келип, айрым турак үйлөргө коркунуч жаратып жатканын маалымдаган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак үйлөргө коркунуч жок экенин билдирди.