Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалынан кийин эл тарабынан тосулган унаа жолдору толугу менен ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлү кабарлаганын аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирди. Белгилүү болгондой, 28-апрелде Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков баштаган топ Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Эки тарап ортодогу түшүнбөстүктөрдү жоюу максатында тосулган жолдорду ачуу чечимине келишкен.
Айта кетсек, 27-апрелдеги кыргыз-тажик жаңжалынан кийин Кыргызстан тараптагы Көк-Таш, Орто-Боз жана окуя болгон Ак-Сай айылы аркылуу Ворух анклавына кирген жолдор жергиликтүү эл тарабынан жабылган болчу.
Ал эми окуя Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушунун айынан келип чыккан. Ворухта жашаган тажик улутундагы 30дай жаран жол тактала элек аймакка курулуп жатканын айтышып, жолчуларга кол көтөрүшкөн. Андан соң кыргыздар топтолушуп, ортодо уруш чыккан. Жаңжалда эки тараптан тең жаракат алгандар болду, кыргыздардан 8 адам жабыркады.