Бишкек-Ош унаа жолуна коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолуна коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында түшкөн кар көчкү тазаланып, саат 12:15те жол толук ачылган. Мындан улам бардык унаалар үчүн Кара-Көл шаарында жана "Сосновка" постуна коюлган чектөө алынды.

Айта кетсек, бүгүн саат 05:28де Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында көлөмү 7200 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан