Дарыгер: "Авиакырсык болгон жерден ууланды делген 5 адамга так диагноз коюла элек"

Сокулукта кыйраган учактын күйүүчү майына ууланды делип ооруканага түшкөн 5 адамга так диагноз коюла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.

"Бишкек шаарындагы медициналык балдар клиникалык ооруканасына "учактын күйүүчү майына ууланды" делген 5 адамды алып келишкен. Учурда бейтаптардын абалын текшерип, диагнозун аныктаганы жатабыз. Азырынча бизге түшкөндөрдүн учактын күйүүчү майына уулангандыгы тактала элек. Ошол эле учурда бейтаптардын оорусунун өнүгүшү тууралуу маалыматты тактоо үстүндө иштеп жатабыз", - деди Өмүрбеков.

Маалыматка ылайык, ооруканага түшкөн бейтаптардын жаш курагы тактала элек.

Эске салсак, буга чейин балдар ооруканасына авиакырсыктан жабыркап, баш мээси чайкалган 10 өспүрүм дарыланууга түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tabyshmak
2017-01-23 16:52:52
Сураныч, диагнозун так аныктап, туура дарылоонуздарды...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан