Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган курулуштар алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жерлердеги мүлктөрдү каттоонун жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган курулуштарды алуу иштерин аткарышкан.
"Бүгүнкү күндө кичи соода күркөлөрү, тамактануучу жайлардын кеңейтилген курулуштары алынып жатат. Мындан сырткары жаңыдан салына баштаган бир нече курулуштун пайдубалы алынган. Буга чейин курулуш ээлерине күркөлөрдү жана мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча эскертүүлөр берилген. Жакынкы аралыкта борбор калаада дагы бир нече мыйзамсыз курулуштар алынат", - деп билдирди басма сөз кызматы.