Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан комузчуларга президенттин атынан ыраазычылык каты тапшырылды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан Бишкек шаарынын комузчуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык маданият башкармалыгынан билдиришти.

Оюндун ачылышына калаанын №1, 2, 3, 5, 7 жана 8-музыкалык мектептеринин 200дөн ашык жаш комузчусу катышканы маалым болду.

Эскерте кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында 1000 комузчу Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан