Малды идентификациялоо иштерин ишке ашырууга 2338 адис окутулду

Малды идентификациялоо иштерин ишке ашырууга адистер атайын окуудан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын басма сөз кызматынан Рахат Садырбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бодо малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системин уюштуруу максатында адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу аракеттери көрүлүүдө.

"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция идентификациялоо иштерин ишке ашырууга адистерди окутуп даярдоону өлкө аймагында 2016-жылдын 12-декабрынан 2017-жылдын 17-январына чейин пландаган. Малды идентификациялоо боюнча франциялык эксперттердин катышуусу менен окутуулар өткөрүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 2338 адис окутулду. Учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2000ден ашуун ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү", - деди Садырбекова.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын маалыматына ылайык, кошумча ветеринардык инспекторлорду даярдоо 2017-жылдын февраль, март айларына пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mestnyi2015
2017-01-23 19:48:29
Кайсы жерде окутулуп жатат? Кененирээк маалымат берсенер биз да окуйлу кесибим боюнча ветеринардык адисмин.
0
talant87
2017-01-23 21:50:30
мен билген боюнча Жалалабад облатты буту
0
Kroxa
2017-01-23 22:08:57
Ошондо кандай номер берилет малга??
0
erikkarakulja
2017-01-23 23:36:33
Малга деле автоунаныкындай эле региону менен номерлер берилет
0
Baatur7777
2017-01-24 00:21:43
Электронный болуп калат малдын баары
0
nurik838383
2017-01-24 02:25:29
Эээ малды коюп нормальный паспорт берип алгылачы адамдарга, шерменде кылып буттунор ансыз деле, биротоло Нике куболгугун кошо бергиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан