2016-жылы "Кумтөр" ишканасы жалпысынан 17 миң 136,78 килограмм алтын өндүргөн. Ал эми 2017-жылы 14 миңден 15 миң 700 килограммга чейин өндүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчы Асхат Акибаев "Кумтөр" кенине барып кызматкерлер менен жолугуп, алардын жумуш шарттары менен таанышкан. Ошондой эле ал ишкананын вице-президенти Родни Ступарик менен жолукканы маалымдалат.
"Жетекчилик кызмат орундарында биздин жарандардын иштеп жатканы компания тургундарга колдоо көрсөтүп жатканынан кабар берет. Себеби алардын тажрыйбасын башка объекттерде да колдонсок болот", - деген А.Акибаев.