SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уул-кызга энчилеп маанисиз ат коюу" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тааныш байке бар, баласы төрөлгөндө чоң атасы Талпак деп ат коюптур. Талпак азыр 4кө чыгып калды".
"Менин атым да түшүнүксүз. Кимиңер билесиңер, Мирлан эмнени билдирет? "Лан" дегени "чолок" дегенди билдирет экен, ал эми "Мирчи"?"
"Кипариза деген эмнени билдирет? Мен биринчи жолу укканда аябай каткыргам".
"Байкуш Талпак чоңойгондо "атымды өзгөртөм" деп чыкса керек. Эски кишилердин көбү ушундай ысымдарды коюшат да, эгер ал ысымды балдары койбойбуз дешсе капа болушат, анан көбү айла жок макул болушат".
"Биздин айылда Итикул деген абышка бар. Итикул эмнени түшүндүрөт, "иттин кулу" дегендиби?"
"Таятамдын иниси көпкө балалуу боло албай жүрөт. Балдары туулуп эле чарчап кала берет. Ошентип жүрүп жубайы уул төрөйт, ага ырымдап үч күн ат койбой, таштандыда эле жүрүп, аман болсун деп Таштанды коёт. Өзү бой-келбети келишкен, акылдуу, сулуу жигит болуп эр жетти. Аман жүрүп 4 уулдуу болду. Чоң энемдин аты Болду эле. Чоң таятабыз уул күтө берип, бешинчиси да кыз төрөлгөндө "ээ, болду, кызы да, уулу да керек эмес" деп капа болуп, тескери бастырып кеткен дешет. Таятам каза болгон түнү агасынын келини төрөп, анын атын "Төлөндү акебиз кайра төрөлдү" деп Төлөсүн коюшкан. Илгери кыргыздар ошол учурда эмне себепчи болсо ошону коюшкан: сапарда жүрсө Сапарбек, таң агарып келе жатканда төрөлсө Чолпонбек, бала күтүп зарыккандар Зарылбек, Зарылкан, балдары токтобой жатса, Токтосун, Токтобай, Токтокан дешкен. Илгери биздин айылда Дүрбөлөң деген киши болор эле. Көрсө,
ай-күнүнө жетип калган келин жолдо келе жатса алдынан трактор чыга калыптыр. Коркуп кеткен келин качып бара жатып төрөп коюптур. Ал кезде айылга жаңыдан трактор келген кез экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.