Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан 40тан ашуун мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Кара-Суу районунун юристи Шарабидин Ташиевдин айтымында, Жаңы-Кыштак айылынын Жунусов көчөсүндө 72 объект мыйзамсыз курулган, жарандар үйлөрүнүн алдына баш аламан курулуштарды орнотуп, соода жүргүзүшкөн.
"Натыйжада унаа тыгындары көбөйүп, жөө адамдарга да ыңгайсыздыктар жаралган. Учурда инспекциянын адистеринин жардамы менен айылдагы мыйзамсыз курулуштар аныкталып, 40тан ашуун курулуш бузулду", - деп айтылат маалыматта.
Калган объектилерди буздуруу боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланат.