Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Айтурган Жолдошбекова Бириккен Улуттар Уюмунда кыздардын укуктары жөнүндө баяндама окуду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 11-класста окуган Айтурган Жолдошбекова гендердик зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган эл аралык жыйындын эң кичүү катышуучусу болду.
"Мени менен тең окуучулар катышкан жок. Баары менден улуу экен. Менин баяндамам бүткөн соң мага Пан Ги Мун келип "Биз сыймыктанабыз! Кыргыз Республикасы адамдын укугун коргогон өлкө, ийгилик каалайм!" деди", - дейт Айтурган Жолдошбекова.
Өзүнүн 3 мүнөттүк баяндамасында окуучу Кыргыз өлкөсүндөгү кыздардын укуктары тууралуу айтып берген.