Чүй облусунун Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 16-январда орун алган учак кырсыгынын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Бүгүнкү күндө чече турган башкы маселе ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын кийинки тагдыры жана авиакырсыктын натыйжасында жабыркагандарды турак жай менен камсыздоо болуп саналары айтылган.
Жыйындын жүрүшүндө биринчи кезекте Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы үйлөрдүн бөлүгүн, талкаланган чатырларын калыбына келтирүү үчүн жакынкы күндөрү шифер берүү зарылдыгын билдирди биринчи вице-премьер-министр.
Жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бардык зарыл болгон иш-чаралар ыкчам тартипте жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, бүгүнкү күндө авиакырсыктын натыйжасында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 20 миллион сомго жакын каражат келип түшкөн. Мындан тышкары калктан жана жарандык коомдон азык-түлүк, жылуу кийим жана башка алгачкы керектелүүчү буюм-тайымдар түрүндө көптөгөн гуманитардык жардамдар келүүдө.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, медициналык мекемелерде 19 жабырлануучу бар. Аларга зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүп, абалдары канааттандырарлык жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.
Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү калыс жана ачык-айкын болуусун жана бул иш менен айыл өкмөттөрү алектениши керектигин баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча жана туруктуу жашаган жери аныкталбаган жабыркагандарды убактылуу турак жай менен камсыздоо маселелерин көзөмөлгө алууну тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине орун алган авиакырсыктан улам бүгүнкү күндө ата-энесинин камкордугусуз, анын ичинде мектепке барбай калган балдардын абалы боюнча маселени иликтөөнү тапшырды.