Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы сүйлөшүү жолу менен басылды

Белгилүү болгондой, 27-апрелде Баткен облусунун Ак-Сай айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңжал чыкты. Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары жолчуларга кол көтөрүүдөн улам чыр башталган. Алар "жол тактала элек аймакка курулуп жатат" деп чыгышкан. Ал эми кыргыздар унаа жолу чек арадан 500 метр Кыргызстан тарапта курулуп жатканын билдиришүүдө. Окуяда мушташ орун алып, эки тараптан тең жабыркагандар болду. Айта кетсек, баткендик 8 жаран жабыркап, алардын үчөө оор жаракат алгандыгы айтылды. Ошондой эле айрым жергиликтүү тургундардын унаасы, үй-мүлкү талкаланды.  

 

Жаңжал чыккандан соң 2 күн бою Баткендин Көк-Таш, Орто-Боз жана Ак-Сай айылдары аркылуу Ворух анклавына жана Лейлек районуна өткөн жол жергиликтүү жашоочулар тарабынан жабылып турду. "Маселе чечилмейин кетпейбиз" деп турушту ызаланган жашоочулар. Маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, облус жетекчиси Жеңиш Разаков башында турган топ Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишти. Учурда тосулган жолдор толугу менен ачылып, жол кыймылы калыбына келди. Окуянын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан