Жалпы пайдалануучу автоунаа жолдорундагы кар көчкүлөрүнүн коркунучун жоюу максатында үстүбүздөгү жылдын 24-январынан 30-январына чейин Бишкек-Ош (132-137, 198-265 жана
351-360-чакырымдарда) жана Ала-Бука-Каныш-Кыя (65-100) автоунаа жолдорунун кар көчкү коркунучу бар аймактарында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү боюнча иш-чаралар башталат. Аталган иш-чара премьер-министр - Жарандык коргонуунун башчысынын буйругунун негизинде аткарыларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январда кабарлады.
"Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштерине Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын артиллериялык тобу тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймак убактылуу жабылат, Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабылбайт. Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү атайылап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкерлери коштоп жүрүшөрү маалым болду.