Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайын оңдоп-түзөө маселеси каралууда. Анын жүрүшүндө өкмөт тарабынан сунушталган долбоор талкууланды. Ага ылайык, "Ак-Жолдогу" унаа жолун кеңейтүү, унаа токтотуучу жайлардын аянтын чоңойтуу пландалууда.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Кубанычбек Жумалиев Казакстанга бара жаткан жарандар унааларын токтотушуп, чек арага чейин жөө басууга мажбур экенин айтты. Буга байланыштуу ал эки өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан дарактарды кыйып, унаа токтотуучу жай курууну сунуштады.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайын оңдоп-түзөө иштерине канча каражат керектиги аныктала элек.