Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин билдирүүсү боюнча, 16-январда Сокулук районунда болгон авиакырсыкты иликтөөчү комиссия жеринде иш алып барып жатат. Азыркы тапта учак кулаган жер изилденип, кырсыктын схемасы түзүлүп, учактын калдыктарын чогултуу иштери аяктап жатканы белгилүү болду.
"Комиссиянын адистери Кыргыз Республикасынын, АКШнын Транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук комитетинин жана Түркиянын Кырсыктарды изилдөөчү комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте "кара кутудагы" маалыматтарды, экипаж менен диспетчерлердин сүйлөшүүлөрүн, метеорологиялык маалыматтарды анализдеп жатышат", - деп айтылат комитеттин маалыматында.
Ошондой эле Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин лабораториясынын адистери Кыргыз Республикасынын, Түркиянын, АКШнын адистери менен "кара кутудагы" маалыматты көчүрүп бүтүшкөнү маалымдалды.
"Учак кулаганга чейинки жазылган маалыматтардын баары көчүрүлдү. Анын сапаты жакшы. Адистер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлө баштады", - деп кошумчалаган комитет.