27-апрель күнү КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Улан-Батор шаарында Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга атайын конференцияга барган кыргыз делегациясынын мүчөлөрү жана кыргыз-монгол өкмөт аралык комиссиянын мүчөсү Цэдэвдамбын Оюунгэрэл катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-монгол мамилелеринин абалы, келечеги жана саясий, соода-сатык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы тыгыз кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.