"Манас" аэропортунан Ошко, Баткенге учуу убактылуу токтотулду

"Манас" аэропортунан "Ош" жана "Баткен" аэропортторуна учуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-январда "Манастын" маалымат кызматынан билдиришти.

Учуулар аба ырайына байланыштуу токтотулганы белгилүү болду. Баткенге бүгүн бир дагы учак учпайт, ал эми Ошко каттамдар саат 13:00дөн кийин жанданары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, коопсуздук үчүн учак башкаргандарга кем дегенде 550 метр аралык даана көрүнүшү керек. 100-300 метр аралык көрүнгөн шартта учуу-конуу операцияларын жасоо кооптуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан