Бишкек-Ош унаа жолуна коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттам калыбына келтирилип, учурда бардык унаалар өтүп жатат.
Эске салсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу бүгүн, 24-январда саат 9:40тан тарта унааларга чектөө киргизилген. Министрлик тоолуу аймактар аркылуу жол жүрүүдөн баш тартууну жүргүнчүлөргө эскерткен.