СУПЕРСТАН: "Неге ата-энелер көбүнчө кичүүсүн жакшы көрүшөт?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Неге ата-энелер көбүнчө кичүүсүн жакшы көрүшөт?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Анткени жашы өтүп калганда тапкан перзенти. Бизди да кичинебизде кудум ошол кичине балдарындай жакшы көрүшкөн. Эми кичинелердин кезеги келди да. Ата-эне бардык балдарын жакшы көрөт, айрыкча энелерибиз".

ен да ошентип ойлочумун, балалуу болгондон кийин оюм өзгөрдү, мен балдарымдын улуусун көбүрөөк жакшы көрөм".

"Мен деле баарын бирдей көрөт деп ойлойм. Бирок көбүнчө кичинесин көбүрөөк эркелетишсе, бизге ошондой сезилет го дейм. Мен да кичинемде ошентип ойлочумун. "Мени тыясыңар, аны жакшы көрөсүңөр" дечүмүн, бирок андай эмес экен. Ата-эне баарын бирдей көрөт экен. Көбүнчө эң чоңун, же көп ооруса оорукчанын, же турмушу катаалын көп аягандай сезилет".

"Ата-эненин балага болгон мээримин күйүп турган шамга салыштырышат. Ал эми шамды бөлмөгө жага турган болсок, ал бөлмөдөгү бардык адамдарга бирдей нурун чачат".

"Менин кайын журтум да ушундай, эң кичүүсүн жерге-сууга койбой аярлап турушат. Биз эң улуусубуз, өлүп баратсак да биз тарапка бир кылчайып карашпаса керек. Аябай эле кыйнап жиберишкенде жолдошума боорум ооруйт, башын кармап эле отуруп калат. "Сен мага керексиң, кызыңа керексиң, өзүңдү кыйнай бербе, бул күндөр да өтөт" деп кичине болсо да жубатып калам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tansuluu09
2017-01-24 16:30:11
Тообо кылдым ушу дагы сурообу
+2
adilet_3234
2017-01-24 16:32:32
силерге билбейм менде алты бала бар(уул кыз) озум 2004- жылы уйлонгом мага баары бирдей. 4 кыз 2 уулум бар эң кенжелери эгиз "Бекжан Нуржан"
+3
adilet_3234
2017-01-24 16:33:05
Баарын чексиз жакшы кором
+2
arzygulR
2017-01-24 16:50:03
Ата эне баарын бирдей корот
+1
ulan.zhoroev
2017-01-24 17:27:03
Эн кичинеси атасынын калта кактысы да
+3
Bubu88
2017-01-24 18:25:45
Менин азырынча бир эле уулум бар ошон үчүн айта албайм. Бирок мага да ушул суроо аябай кызык эки үч балалуу ата энелерге бере берем кимисин көбүрөөк жакшы коросунор деп
0
ruslanz
2017-01-24 19:23:22
Ата-эне баарын жакшы корот. (корушу керек) Чонун эркелетмек беле, кичинесин эрке-т да.
0
karasuu
2017-01-24 20:38:01
Биз эн ширинбизда ошон учун бизди коп жакшы корушот :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан