Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары президент Алмазбек Атамбаев кырсык болгон жерге келбегенине нааразы

16-январда Боинг 747 кыйраган аймактын жашоочулары президент Алмазбек Атамбаев кырсык болгон жерге келбегенине нааразы болушууда.

"Элибиз оор жоготууга учурап, кан жутуп турса, президент Атамбаев элдин абалын сурап келип койгон жок. Ал тургай башка бийлик өкүлдөрү келип жолугушуу өткөрүшкөн жок", - дейт айыл тургуну Адыл Турдумбетов.

Ошондой эле тургундар аларды Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагынан көчүрүүнү талап кылышууда. Алардын айтымына ылайык, коюлган талаптар аткарылбаса, жол тосуу аракетин көрүшөт.

"Айылдын элине башка аймактан жер берип, элди башка жакка көчүрүп кетишин талап кылабыз. Бул жакта жашаган кооптуу болгондуктан, эл коркуп калды. Ар бир баскан кадамыбыздан чочулоо болуп жатат", - дейт айыл тургуну Базаркул Ормонбеков.

Аталган аймакта 500гө жакын кожолук эл жашайт.

Дачи-Су айылынын эли президентке нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
tatynam_88
2017-01-24 15:34:34
Кырсык болгон куну хотя теледен да конул айтпады го арсыз.деги кандай адам
+12
Seiil.94
2017-01-24 15:51:22
байды кудай ураарда доолотуно мас болот.ажону кудай ураарда тескеери басып элине кас болот деген ушулда.
+17
Jaloshtalnarisbatchui
2017-01-24 16:38:39
Seiil.94, соз жок сага...оозунан сут кете элек...
-11
Namystan
2017-01-24 15:58:59
Кудайдын кулагынан тушкондой болбогулачы, элине жараша ажосу, пейлине жараша жашоосу болот да!
-4
mambo-1984
2017-01-24 16:12:06
арам тамак экени учак кырсыгынан билинди. Адатта учак куласа ал жердеги орт очуп, анын айланасы коопсуздалганча гана курчалып, тосулат. Андан кийин дароо тосмолор алынат. А бул жерде байкадынарбы, тим эле алтын тогулуп кеткенсип ит менен кайтарышты. Тим эле шимшилеп корушту. Бул жерде чон мандем бар. арам тамак Кытайда дарыланбай эле Гонконгго барып жеке маселелерин жуктоп, товар тандап келишкен жаны салынган уйуно. Анткени учагы менен алиги кара
+11
Jaloshtalnarisbatchui
2017-01-24 16:39:58
mambo-1984,мээн ушуга эле жетет экен да
-12
zhykyo
2017-01-24 17:53:24
Буюрса барат деп ишенем жанындагылар озубуз эле бутуробуз деп жатышса керек
-4
Дарыгер
2017-01-25 03:43:14
zhykyo,АШАнын адвокаттары кобойуп кеткен го
-1
maks83
2017-01-24 19:14:32
барганды кой ТВ дан конул айтып кайрылуу жазаган жок да.
+2
Targarien
2017-01-24 23:02:02
Озу кара жолтой президент экен ар бир уйбулого 23 миллионду болуп берсин
+1
tuigan.
2017-01-24 23:07:02
Элден кабар алганды ойлонбой эле,товарына ойлонуп,кайран бизнесим ай деп атса керек АША
0
kuba79
2017-01-25 00:45:40
ХХХ журот окшойт... ал макул маркумдардын туугандары митинкке чыгышпаса болду тиги болуп жарган кызды каматып бергиле деп
+1
mira77
2017-01-25 01:28:26
Ииии президент барганда эмне кылмак эле , ошо кырсык болгондоле конул айткан кыргыз элине , укпай калсанар керек, андан коро айткандай башка айыл деген статусу бар, мектеп больницасы бар жерден жер берсин ,мен быйыл ошо айылга кочуп барып алып олло кыйналгам мектепке жаныжерге кызымды алыпбарып келип аттым ,окуучуларды эч ким ойлобойт экен, ар ким эптеп барышат экен мектепке
0
mira77
2017-01-25 01:34:58
Кудай сактап жаныжылда кочуп кеткем да ал айылдан
0
Adil706070
2017-01-25 02:43:19
Элден айлансын АША .келбесе ботолконун ичине кирип алсын.ал жердеги товарына ичи ачышып ХХХ жатат да жонокой бир ишкердин жугу болсо эчак эле айтып чыгышмак ммк тарынан.
+1
admin_portal
2017-01-25 09:37:04
Adil706070, kuba79,
1. Такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуздар.
2. Адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
Bubu88
2017-01-25 03:25:32
Кыргызча жазылган нускамадан башка тилде жазылган нускама табылбаптырбы? Килейген учак өрттөнүп үйлөрдү кыйратып дарактарды түбү менен жулуп кетиптир ошондо ушул алакандай кагаз кантип таптаза бойдон табылып калды менимче атайын бирөө барып таштап койду.
-1
Дарыгер
2017-01-25 03:41:53
Bubu88,эл ТОО десе. Сен бээ дейсин го
-1
Bubu88
2017-01-25 03:59:13
Дарыгер, мен эмне деп БЭЭ деп атам болгон оюмду жаздым
0
Bubu88
2017-01-25 03:34:41
Өзүңөр ойлонсонор азыр любой товарда чет мамлекеттен ташылып келинген ар кайсы тилде жазылган нускама болот мүмкүн ушул компаниядан Кыргызстанга товар алып келип жүрүшкөн буга чейин мурда го билбейм бирок азыр көп эле товарларда кыргызча жазылган нускамаларды табууга болот. Мүмкүн бул товарларды туркиядагы кыргыздар заказ кылгандыр через Түркия Кыргызстанга ташып келишеттир ар кандай болушу мүмкүн бир алакандай кагазды эле документ кылып алышты го
0
Bubu88
2017-01-25 03:54:58
Бир адамды жаман деп, жаман жагын издей берсек жакшы жактары козубузго көрүнбөй калат. Жакшы жактары баар бирок аны уккубуз да коргубуз да келбейт. Анткени ал жаман. Бирок жаманды да жакшы кылыш өзүбүздөн. А биз болсо только жаман жагын көрөбүз, жок болсо изилдеп таап чукуп чыгабыз а жакшы жактары көмүскөдө кала берет. Ушундай эл экенбиз анан не кылайлы айла жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан