"Кыргыз жергесинде жумушчу колдор ашыкча болуп кеткендиктен жарандарыбыз чет өлкөлөргө кетишкен", - деди бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратов.
"Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүдө жарандарыбыз үчүн өлкө ичинде жумушчу орундарын түзүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максаттардын тизмесине кирген. Жарандарыбыздын көбү Орусияга кетишкен. Бүгүнкү күндө Кыргыз жаранына Орусияда жумушка орношууга уруксат алуунун, орус тили боюнча экзамен тапшыруунун, патент төлөөнүн кереги жок. Ошондой эле Кыргыз Республикасында алган дипломдор ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдей жарактуу", - деди Панкратов.
"Чет өлкөдө иштеген мигранттарыбыздын саны көп болгонуна мактанбашыбыз керек. Чындык мындай болууда: биз 20 жыл өлкөдө өнөр жайды өнүктүргөн эмеспиз. "Дордой" бүт өлкөнү жумуш орундары менен камсыздай албайт", - деп баса белгиледи Панкратов.
Айта кетсек, 2015-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген.