"Бийликтин интернетте социалдык түйүндөр боюнча көрсөткөн кысымына каршы тынчтык иш-чараларын уюштурабыз", - деп билдирди оппозиция өкүлү Равшан Жээнбеков 24-январда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо.
Анын айтымында, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр саясатчыларга, коомго пайдалуу. "ММКлар бийликке көз каранды болгон учурда социалдык тармактын ролу жогорулайт. Бирок бийликке сын жакпай, куугунтуктоочу ыкманы УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура колдонуп жатат. Алар шаардыктарды эле эмес, айылдагы элдин дагы үшүн алышууда", - дейт Жээнбеков. Экс-депутат социалдык тармак эркин болушу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн "Социалдык түйүндөргө басым: Кантип коргонуу керек?" деген темада тегерек стол өтүүдө.