Кыргыз Республикасы-Казакстан чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдөө Кыргыз өлкөсүнө маселе жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин үч мүчөсү: Орусия, Армения жана Беларусь Кыргыз Республикасынын системи ветеринардык коопсуздукту камсыздай алат деп тааныган. "ЕАЭБдин комиссиясы да мындай жыйынтыкка келген. Бир гана Казакстан азырынча ушундай тыянакка келе элек. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн азык-түлүктөр Орусияга Казакстан аркылуу өтүп жатат. Казакстан бул азык-түлүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча милдеттерди алды. Жыл башында "казак тарап унаа жолу аркылуу транзитке тыюу салды" деген туура эмес маалыматтар тараган. Бүгүнкү күндө Казакстандын аймагы аркылуу биздин товарлар темир жол жана автоунаа жолу менен тоскоолдуксуз өтүп жатат", - деди Панкратов.